Жолугушуунун жүрүшүндө авиация кызматкерлеринин, тагыраак айтканда техникалык адистердин жана авиадиспетчерлердин тажрыйбасын жогорлатуу, ошондой эле учуу ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча техникалык кызматташтык долбоору талкуланды.
Тараптар ошондой эле аэронавигациялык тейлөө, санариптештирүү, гендердик теңчилик жана адистерди сертификаттоо боюнча пикир алмашышты.
Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасы менен JICAнын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, жарандык авиациянын потенциалын бекемдөөгө жана учуулардын коопсуздугун жогорулатууга болгон кызыкчылыктарын билдиришти.