Вьетнамдын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси PHAM THAI NHU MAI айым менен жолугушуусу

2024-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Д.К.Бостонов менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу PHAM THAI NHU MAI айым менен расмий жолугушуу болуп өттү.  Жолугушууга Кыргызстандын алдыңкы авиакомпанияларынын жетекчилери жана “Vietjet” авиакомпаниясынын ээси болгон вьетнамдык “Sovica” компаниясынын өкүлү да катышты. 

 

Талкуунун негизги предмети Кыргыз Республикасы менен Вьетнамдын ортосунда аба каттамдарын ачуу зарылчылыгы болду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тарап өлкөлөрдүн ортосунда түз аба каттамдарын уюштурууга негиз боло турган жана жарандык авиация тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган Аба каттамдары боюнча Макулдашууну түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

 

Вьетнамга каттамдарды аткарууга даяр экенин билдирген кыргызстандык “AeroNomad” авиакомпаниясынын пландарына өзгөчө көңүл бурулду. Бул туристтик жана бизнес агымынын көбөйүшүнө салым кошкон өлкөлөр ортосундагы транспорттук байланыштарды чыңдоодо маанилүү кадам болушу мүмкүн.

 

Мындан тышкары жүк ташуу жаатында кызматташуунун келечеги талкууланды. Эки мамлекет тең жеткирүү түйүндөрүн кеңейтүү жана жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап жатышат, бул эки өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.

Жыйындын соңунда катышуучулар Кыргызстан менен Вьетнамдын авиациялык кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча иштер ийгиликтүү уланаарына ишеним билдиришти.