2025-жылдын 6-март күнү Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Вьетнам Социалисттик Республикасына расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев жана Вьетнамдын Премьер-министри Фам Минь Тинь, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 6-7-марттындагы Вьетнам Социалисттик Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен Билдирүүгө кол коюшту.
Жана ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык Авиация мамлекеттик агенттиги менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Жарандык авиация башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.