2025-жылдын 10- мартынан 13-мартына чейин “DG Move”дун учуу коопсуздугу боюнча эксперти Андрей Карнелиу Филипоу мырза жетектеген Европалык авиация коопсуздук агенттигинин (EASA) жана Европа Бирлигинин Транспорт жана мобилдүүлүк боюнча Башкы директоратынын (DG Move) эксперттери Бишкекке келишти. Бул сапардын максаты Кыргызстандын Евробиримдиктин коопсуздук тизмесинен чыгуусуна карай маанилүү кадам болгон Кыргыз Республикасынын авиация тармагынын ишмердүүлүгү менен толук таанышуу болду. Делегациянын курамына ошондой эле EASA инспектору Хасинто Лопес жана EASA эксперттери Антонио Пелаез жана Густаво Барба кирди.
Визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Эргешович Торобаев менен Андрей Карнелиу Филипоу мырзанын расмий жолугушуусу болуп өттү. Тараптар жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана Кыргыз Республикасын Европа Биримдигинин коопсуздук тизмесинен (ЕБ кара тизмеси) чыгаруу маселеси боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Ошондой эле Данияр Куватбекович Бостонов башында турган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги менен делегациянын расмий жолугушуусу болду. Улуттук авиациялык жөнгө салуучу органдын төмөнкү негизги багыттары боюнча иши европалык эксперттерге сунушталды:
PEL - авиациялык персоналды тастыктамалоо,
OPS - учуу экспулатациясы,
SMS – учуу коопсуздугун башкаруу системасы,
AIR – учуу жарактуулугу,
QМS – сапатты башкаруу системасы,
LEG – мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар,
ORG – уюштуруу түзүмү.
Визиттин жыйынтыгында Евробиримдиктин эксперттери жарандык авиация чөйрөсүндөгү олуттуу прогрессти, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ишин жакшыртуу, сапатты көзөмөлдөөнү жакшыртуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы чөйрөсүндөгү улуттук жөнгө салуучу орган тарабынан жөнгө салуу жана контролдоо боюнча оң динамикаларды белгилешти.