Совещания по метео вопросам в Астане

2024-жылдын 25-ноябрынан 27-ноябрына чейин ИКАОнун Европа аймагынын чыгыш бөлүгүндө метеорологиялык кызматтарды ишке ашыруу боюнча долбоордук топтун (PT/EAST/22) жана КМШнын Гидрометеорология Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюму боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинин (WG-4 ICH) жумуш тобунун биргелешкен отуруму Астанада болуп өттү. Жыйынга 7 өлкөдөн 58 өкүл катышып, анын ичинен 13 өкүл онлайн режиминде катышты.

 

Күн тартибинде коңшу мамлекеттердин ортосунда SIGMET (коркунучтуу аба ырайы боюнча билдирүү) берүүнү шайкеш келтирүү, IWXXM метеорологиялык маалыматтарды берүүнүн жаңы форматына өтүү, автоматташтырылган маалыматтык системалардын мүмкүнчүлүктөрү, метеорологиялык локаторлордун тармагын кеңейтүү, авиациялык метеорологиялык адистерди даярдоо сыяктуу маселелер каралды.

 

Мындай биргелешкен жолугушуулар жыл сайын өткөрүлүп, КМШ өлкөлөрүнүн жарандык авиациясын метеорологиялык камсыздоонун актуалдуу маселелери талкууланат.