Пландан тышкаркы текшерүүлөр

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Авиакомпанияларды каттоого жана эксплуатанттын сертификатын берүүгө тыюу салуу жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин «Кыргыз Республикасында катталган авиакомпаниялардын ишине пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» буйругуна ылайык, Мамлекеттик агенттиктин инспекторлору авиакомпанияларды пландан тышкаркы текшерүүлөрүн улантууда, учурда пландан тышкаркы текшерүүлөр төмөнкү авиакомпанияларда жүргүзүлдү: Sapsan, Skyline, Gewan Airways, Mak.KG, Heli Sky.