Молдовада Кыргызстандын катышуусунда ANSISGнин 9-жыйыны өттү.

Кыргыз Республикасынын Министрелер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү  2026-жылдын 21-24-апрель күндөрү Молдова Республикасынын Кишинёв шаарында өткөн ИКАОнун Аэронавигациялык тейлөөнү киргизүүнү колдоо тобунун 9-жыйынына (ANSISG/09) катышты. Иш-чаранын алкагында ИКАО тарабынан алыстан башкарылуучу диспетчердик мунараларды (Remote TWR) жана райондук диспетчердик борборлорду эксплуатациялоо маселелерине арналган адистештирилген семинар да өткөрүлдү. 

Жыйынга ИКАОнун Европа регионунун чыгыш бөлүгүндөгү өлкөлөрдүн авиациялык администрацияларынын жана аэронавигациялык тейлөө кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн өкүлдөрү катышты.

ANSISGнин жыл сайын өткөрүлүүчү жыйындары кесиптик диалог жүргүзүү, тажрыйба алмашуу жана аэронавигациялык тейлөөнү өнүктүрүүнүн заманбап ыкмаларын талкуулоо үчүн маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат. Катышуучулар өткөн жылдагы иштердин жыйынтыктарын сунуштап, эл аралык стандарттарды киргизүү маселелерин талкуулап, ИКАОнун глобалдык аэронавигациялык планын ишке ашыруу боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгышат.

Жолугушуунун жүрүшүндө жарандык авиациянын негизги багыттарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Алардын катарына аба кыймылын тейлөө (ATM), аэронавигациялык маалымат камсыздоо (AIM), метеорологиялык камсыздоо (MET), аэропорт ишмердүүлүгү (AGA), радиотехникалык камсыздоо жана байланыш (CNS), ошондой эле издөө жана куткаруу (SAR) кирет.

Кыргыз делегациясынын иш-чарага катышуусу эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, аэронавигациялык тейлөө жаатындагы алдыңкы тажрыйбалар менен таанышууга жана Кыргыз Республикасынын ИКАО стандарттарына ылайык коопсуз, заманбап жана натыйжалуу авиациялык системаны мындан ары өнүктүрүүгө берилгендигин тастыктоого мүмкүндүк берди.