Меморандумга кол коюу - Кыргыз Республикасынын авиациялык коопсуздукту чыңдоодогу жаңы этап

2025-жылдын 24-26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Куватбекович Бостонов Москва шаарында өткөн Авиация жана аба мейкиндигин пайдалануу боюнча Кеңештин 46-сессиясына катышты. Кеңештин төрагасы - Россия Федерациясынын транспорт министринин орун басары Потешкин Владимир Владимирович болду.

Сессияда жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн негизги маселелери каралды, анын ичинде:

  • 1991-жылы кол коюлган келишимге ылайык катышуучу-өлкөлөрдөгү учуу коопсуздугунун абалы;

  • учуу коопсуздугу маселелери боюнча бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү концепциясы;

  • ИКАОнун 42-Ассамблеясына даярдыктар;

  • тастыктамалоо, учкучсуз учуу аппараттар системалары жана аба кыймылын башкаруу жаатындагы ченемдик документтердин долбоорлору.

Кеңештин жыйындарынан тышкары, иш сапардын алкагында Мамлекеттер аралык авиация комитети менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө Меморандумуна кол коюлду. 

Документ авиациялык кырсыктарды иликтөө, учуу коопсуздугу боюнча маалымат алмашуу, ошондой эле ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу жана авиация кызматкерлерин кесиптик даярдоо жаатында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.

Меморандумга кол коюу Кыргыз Республикасы менен Мамлекеттер аралык авиация комитетинин ортосундагы институционалдык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду жана аймактагы авиациялык коопсуздуктун деңгээлин мындан ары жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.