5-11-сентябрга чейин «Манас» Эл аралык аэропортунун» ААКнун Адам ресурстарын башкаруу боюнча окуу борборунда «Манас» Эл аралык аэропортунун жана башка аймактык аэропорттордун кызматкерлери үчүн «Аба кемелерин жерде тейлөө» боюнча окуу өткөрүлдү. Учактарды жерде тейлөөгө катышкан атайын техникалардын демонстрациясы уюштурулду.
Бул окууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери да катышты.
Теориялык жана тажырыйбалык сабактар катышуучуларга жерде иштөө жаатындагы билимдерин жогорулатууга, ошондой эле кесиптик чеберчиликтерин бекемдөөгө жардам берди.
Бул тренинг бардык жүргүнчүлөр үчүн коопсуздук жана ыңгайлуулук стандарттарын мындан ары да жакшыртат деп ишенебиз!