Кытай Элдик Республикасынын аэронавигация өкүлдөрүнүн келишине даярдык

13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу  Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы менен Кытай Эл Республикасынын аэронавигация өкүлдөрүнүн келишине даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрүлдү.

 

Кыргыз Республикасынын авиация тармагы Кытай Эл Республикасы менен Кашкар багытында экинчи эл аралык аба коридорун ачуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул аба коридору экономикалык гана пайда бербестен, учурдагы авиа коридордогу тыгындарды жоюуга, ошону менен учуунун коопсуздугун камсыз кылууга жардам берет.

 

Жаңы каттам бир гана Ош жана Кашкар шаарларын бириктирбестен, бул шаарлардан кийин улана турган аба каттамдарынын тармактарын бириктирет, бул авиакомпанияларга ачык коридорлор боюнча транзиттик каттамдарды пландаштырууга мүмкүндүк берет.

 

Кытай Эл Республикасынын аэронавигация өкүлдөрүнүн күтүлүп жаткан иш сапарынын негизги максаты - Ош-Кашкар багытында жаңы аба коридорун ачууга байланыштуу техникалык жол-жоболорду жүргүзүү.