Кыргызстан менен Румыния өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

2024-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен Румыниянын Жарандык авиация органы учуу коопсуздугу, учуу жарактуулугун колдоо, аэронавигация жана  авиация кызматкерлерин татсыктамалоо жаатында кызматташууну кеңейтүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Бул Меморандум тараптардын учуу коопсуздугун чыңдоо, авиация персоналынын сертификациялык стандарттарын жакшыртуу жана учууга жарактуулугун колдоо боюнча тажрыйба жана алдыңкы билимдерди алмашуу боюнча өз ара аракеттерин чагылдырат. Кыргызстандын европалык стандарттарды киргизүүгө жана эл аралык талаптарга ылайык жөнгө салуунун сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат.

Меморандумга кол коюу авиациялык стандарттарды шайкеш келтирүүгө жана Кыргызстандын Европа Биримдигинин кара тизмесинен чыгуусун өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болуп саналат, ошондой эле Кыргызстандын европалык стандарттардын деңгээлинде эл аралык авиациялык коомчулукка интеграцияланышын колдойт.