Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнүнө карата

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен жогорку деңгээлдеги кызматташтыкты белгиледи.

Жарандык авиация тармагында мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти чыңдоого активдүү салым кошкону, ошондой эле учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мыйзам талаптарын аткаруу багытында жемиштүү кызматташканы үчүн Агенттиктин директору Бостонов Данияр Куватбекович «Мыйзамдуулукту чыңдоодогу кызматташтык үчүн» медалы менен сыйланды.

Медалды юстиция полковниги, Кыргыз Республикасынын Транспорт прокуратурасынын прокурору Матисаков Нургазы Абдигапарович тапшырды. Ал бул сыйлык Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин укуктук маданиятты өнүктүрүүгө, тармактагы ачыктыкты жана коопсуздукту камсыз кылууга кошкон зор салымын таануу болуп саналат деп белгиледи.