Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги тарабынан “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине коллегиялуу сапар уюштурулду.
Ошондой эле тарыхчы, саясий жана коомдук ишмер Курманов Зайнидин Карпбекович тарабынан Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү жана негиздөөчү аталарыбыздын эрдиктери деген темада Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин кызматкерлерине лекция уюштурулду.
Бул иш-чара Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ар бир кызматкери үчүн баалуу маалымат жана шыктануу булагы болду.
“Тарыхын билбеген элдин, келечеги болбойт”