Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору авиация тармагынын өнүгүшү тууралуу

- Жаңы учактарды алуу планда барбы?

Ооба, пландар бар. Жакында эле урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров Берлинге болгон иш сапарында Airbus компаниясынын президенти Йохан Пелисье мырза менен жеке жолугушуу өткөрдү. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө учуу үчүн жаңы учактарды Airbus заводунан түз сатып алуу мүмкүнчүлүгү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул Airbus 320neoAirbus 321neo жана башкалар сыяктуу түрлөрү. Учурда Манасбек Самидинович жетектеген «Кыргызстан Аэропорттору» ААКсынын жетекчилиги жана «Asman Airlines» авиакомпаниясынын жетекчилиги Airbus компаниясы менен Кыргыз Республикасына жаңы учактарды сатып алуу боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

 

- Бул сатып алуулар эмне менен байланыштуу?

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын авиация тармагы тездик менен өнүгүп жатат, кээ бир аэропортторубуз реконструкцияланыпкээ бирлери модернизацияланып, кээ бирлери атүгүл кайрадан курулду. Ички каттамдардын саны көбөйүп, жаңы эл аралык каттамдар ачылууда. 2024-жылдын 9 айынын оперативдүү маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасынын бардык аэропортторунда жүргүнчүлөрдү ташуу 4 миллиондон ашык жүргүнчүнү түздү. Бул аба каттамдарына суроо-талаптын өскөндүгүн көрсөтүп турат. Мына ушул сыяктуу факторлордун негизинде эл аралык каттамдарды аткаруу үчүн жаңы учактарды сатып алуу зарылчылыгы келип чыгууда.

 

- Кыргыз Республикасынын авиация тармагына кандай пайда алып келет?

Биздин өлкөбүздүн, жаратылышыбыздын канчалык кооз экенин баарыңар жакшы билесиңер. Биздин берметибиз – Ысык-Көл, 7 облуста тең укмуш кооз тоолор, ошондой эле Караколдо лыжа базасы бар. Бул албетте алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген туристтер үчүн абдан кызыктуу. Эске сала кетсек, учурда Кыргызстанды “Европа Биримдигинин кара тизмесинен” чыгаруу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Бул тизмеден чыгуу Кыргызстанды бардык европалык туристтер үчүн жеткиликтүү кылат. Европа өлкөлөрүнөн да, биздин тараптан да түз каттамдарды аткаруу, ал каттамдардын сапатын жогорулашынажана ошондой эле билеттердин баасын жеткиликтүү кылууга өбөлгө түзөт, анткени эки тараптуу атаандаштык прогрессти жаратат.

 

- Жаңы жумуш орундары пайда болобу?

Билесиздерби, авиация тармагында азыр деле жумуш орундары бар. Бирок авиация тармагында адистерди даярдоо өтө жоопкерчиликтүү маселе. Кантсе да, 2-3 айдын ичинде үйрөнүп, дароо эле авиация тармагында иштеп баштоо - белгилүү бир тобокелдиктерди жаратат. Ошондуктан, Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги авиациялык кадрларды даярдоо деңгээлине жана тастыктамалоого өтө кылдат мамиле кылат. Ал эми авиация тармагынан тышкаркы кесиптерди, жумуштарды айтсак. Албетте, эл аралык каттамдардын көбөйүшү жана туризмдин өнүгүшү авиакасса ишкерлерине, туризм тармагында, оюн-зоок тармагында жана башка ушул сыяктуу тармактарда жумуш орундарынын көбөйүшүнө алып келет.