Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде Кыргыз Республикасынын айрым авиакомпанияларынын катышуусу менен жыйын болду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде Кыргыз Республикасынын айрым авиакомпанияларынын катышуусу менен жыйын болду. Жыйындын жүрүшүндө 150 саат учуусу бар авиациялык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу маселеси талкууланды.

Бүгүнкү күндө жаш учкучтарды аба учактарынын ар кандай түрлөрүнө даярдоо зарыл. Буга байланыштуу 150 сааттык баштапкы даярдыктан өткөн авиациялык окуу жайдын 10 бүтүрүүчүсүнүн тизмеси түзүлүп, алар даярдоодон өтүүгө даяр экендигин билдиришти. Өз кезегинде чакырылган авиакомпаниялар жаш учкучтарды жумушка алууга кызыкдар экенин билдиришти. Сунушталган талапкерлер катышкан авиакомпаниялар арасында бөлүштүрүлдү.