Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын Ош филиалынын, "Ош" эл аралык аэропортунун базасында авиациялык коопсуздук кызматынын инспекторлорун тестирлөө өткөрдү

2024-жылдын 28-29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын Ош филиалынын, "Ош" эл аралык аэропортунун базасында авиациялык коопсуздук кызматынын инспекторлорун (операторлорун) тестирлөө өткөрдү.

Бул иш-чара авиациялык коопсуздук боюнча кызматкерлердин кесиптик деңгээлин текшерүүгө жана эл аралык стандарттарга ылайыктап жакшыртууга багытталган. Тестирлөөнүн жүрүшүндө авиациялык коопсуздукка тиешелүү практикалык жана теориялык тапшырмалар аткарылды.