Улуттук учуу коопсуздугу системасын чыңдоо жана адистердин квалификациясын жогорулатуу саясатын ишке ашыруунун алкагында Агенттиктин учууга жарамдуулукту колдоо башкармалыгынын инспекторлору JAA Training Organisation (Амстердам шаары, Нидерланд) тарабынан уюштурулган «Basic Airworthiness Inspector Course» багыты боюнча адистештирилген окуудан өтүштү.
Аталган курс инспектордук курамдын кесиптик компетенцияларын ICAO жана EASA тарабынан белгиленген эл аралык стандарттарга ылайык өнүктүрүүгө багытталган. Окутуу программасы авиациялык техниканы сертификаттоонун заманбап ыкмаларын өздөштүрүүнү, аба кемелерин эксплуатациялоочуларга туруктуу көзөмөл жүргүзүүнү, ошондой эле техникалык тейлөөчү уюмдардын ишмердүүлүгүн контролдоону камтыйт.
Окутуунун жүрүшүндө учууга жарамдуулукту туруктуу камсыз кылуу (Continued Airworthiness) маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде Part-21, Part-M талаптары, техникалык тейлөөчү уюмдардын ишмердүүлүгү (Part-145), авиациялык техникалык персоналды лицензиялоо жана даярдоо (Part-66 жана Part-147), ошондой эле учууга жарамдуулукту башкаруу боюнча уюмдардын иштеши (Part-CAMO) кеңири каралды.
Бул окуудан өтүү инспекторлордун даярдык деңгээлин жогорулатууга, агенттиктин потенциалын чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагында мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөл функцияларын кыйла натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөт.