Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери ИКАО тарабынан өткөрүлгөн экология маселелери боюнча семинарга катышты.

2025-жылдын 9–11-декабрында Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Европалык/Түндүк Атлантика бюросунун ИКАО тарабынан уюштурулган айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча регионалдык семинар (ICAO EUR/NAT Environment Task Force Seminar) өттү. Иш-чара Азербайжан Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө эл аралык авиацияда көмүртек бөлүп чыгарууну компенсациялоо жана кыскартуу боюнча ИКАО схемасын (CORSIA) ишке ашыруу, туруктуу авиациялык отунду (SAF) өнүктүрүү, 2050-жылга карата эл аралык авиацияда көмүртек нейтралдуулугуна жетишүү боюнча ИКАО максаты (LTAG), авиациялык инфраструктураны климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу жана «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселелери талкууланды.

Семинарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрүнүн катышуусу ИКАОнын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы талаптары менен таанышууга жана Кыргыз Республикасында ACT-SAF жана CORSIA демилгелерин ишке ашыруунун кийинки кадамдарын аныктоого мүмкүндүк берди.