Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун, «Кыргызаэронавигация» малекеттик ишканасынын жана ички авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу болду.

Иш-чарада 2025-жылдын 1-октябрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы Аба кодексиндеги негизги өзгөртүүлөр жана жаңылыктар түшүндүрүлдү.
Жолугушууда мамлекеттик жөнгө салуу, сертификация, көзөмөл, учуу коопсуздугу жана учкучсуз учуучу аппараттарды пайдалануу тармактарындагы жаңыланган эрежелерди колдонууда бирдиктүү ыкманы түзүү маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл авиация уюмдарынын өз ара кызматташуусун жакшыртууга жана авиакомпаниялардын, аэропорттордун жана аэронавигация кызматтарынын ишинде укуктук аныктаманы камсыз кылууга бурулду.
Бул реформалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына шайкеш келтирүүгө жана өлкөнүн жарандык авиация тармагын өнүктүрүүгө багытталган.