Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде пикир калтырууга жаңы санариптик платформа ишке киргизилди

Кыргызстанда мамлекеттик кызматтардын ачык-айкындыгын жана сапатын жогорулатуу максатында жаңы санариптик платформа — «Пикирлер» маалыматтык системасы ишке киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде жарандардын пикирлерин кабыл алуу үчүн атайын QR-коддор орнотулду.

QR-коддор имараттын кире беришинде жана ичинде жайгаштырылып, алардын жардамы менен Агенттиктин ишмердүүлүгүнө байланыштуу сунуштар менен пикирлерди калтырууга мүмкүнчүлүк берилет.

Бул демилгенин негизги максаты — Агенттиктин ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу жана жарандардын сунуш-пикирлерин ыкчам кабыл алуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Түшкөн бардык сунуштар жана пикирлер каралып чыгып, Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүүдө эске алынат.