Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук ишембилик күнүнө жана 2023-2025-жылдарга карата тиричилик таштандылары менен иштөөнүн натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, 2025-жылдын 19-апрелинде өлкөдө жалпы элдик ишембилик өткөрүлдү.
Бул иш-чарага Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери активдүү катышты. Ишембиликтин жүрүшүндө “Кыргызстандын Авиациялык даңк Аллеясын” тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Акция экологиялык маданиятты, айлана-чөйрөгө аяр мамилени калыптандырууга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, аларга караштуу мекемелердин, менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын жана бүтүндөй жарандардын эң маанилүү экологиялык көйгөйлөрүн чечүүдө күч-аракетин бириктирүүгө багытталган.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги мындан ары да өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга салым кошуучу демилгелерге активдүү катышууну көздөйт.