Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жарандык авиация тармагындагы кызматташуусу чыңдалууда

Кытай Эл Республикасынын Жарандык авиация башкармалыгы жана Кытайдын аба транспорту ассоциациясынын (КАТА) делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында өлкөнүн авиациялык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Тараптар жарандык авиация тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун өнүгүү келечегин талкуулашты. Анын ичинде стратегиялык өз ара аракеттенүү, авиация коопсуздугу боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле жаңы эл аралык каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Айрыкча “Аба Жибек жолу” концепциясынын алкагында регионалдык байланыштарды бекемдөөгө багытталган демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Кытай тарап Кытай Эл Республикасындагы авиация тармагынын учурдагы өнүгүүсү боюнча маалымат берди жана эл аралык авиакаттамдардын активдүү калыбына келтирилишин, жүргүнчү жана жүк ташуунун көлөмүнүн өсүп жатканын баса белгиледи. Туруктуу логистикалык чынжырларды түзүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө практикалык кызматташуу багыттары да талкууланды. Кыргыз тарап Кашгар багыты боюнча жаңы аба багытынын долбоорун сунуштап, бул демилге кытайлык кесиптештердин чоң кызыгуусун жаратты. Ошондой эле авиациялык техниканы өнүктүрүүдөгү заманбап чечимдер, анын ичинде учак моделдери менен тааныштыруу болуп өттү. Өз кезегинде, кытай делегациясы кыргыз тарапты быйыл Кытай Эл Республикасында өтө турган бир катар маанилүү тармактык иш-чараларга катышууга чакырды.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук жана экономикалык байланыштарды бекемдөөгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга жана өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.