2024-жылдын 15-16-сентябрында Доха шаарында Катар Мамлекетинин авиациялык администрациясы менен жолугушууда жарандык авиация чөйрөсүндө биргелешкен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашууга жеткирилген.
Келишимдерди ишке ашыруу максатында, Самарканд шаарында болуп өткөн «ICAO Safety culture workshop» семинарынын алкагында, 16-октябрда Кыргыз Республикасынын жана Катар Мамлекетинин авиациалык бийлик органдарынын башчыларынын жеке жолугушуусу болду. Бул жолугушууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен Катар Мамлекетинин жарандык авиация башкармалыгынын ортосунда жарандык авиация тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Биргелешкен кызматташуу иш-чаралары авиациялык коопсуздук, аба кыймылын башкаруу, авиациялык коопсуздук жана көмөктөшүү, метеорологиялык кызматтар жана укуктук маселелер боюнча жүргүзүлөт.