Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин атынан жана жеке өзүмдүн атыман сиздерди ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Бул ыйык күн ырайымдуулуктун, боорукерликтин жана биримдиктин символу болуп саналат. Ар бириңиздердин үйүңүздөргө тынчтык, береке жана бакубатчылык алып келсин!
Аллах Таала дубаларыңыздарды, курмандыктарыңызды кабыл кылып, ден-соолук, бакыт жана тынчтык насип кылсын! Ар дайым ийгилик коштоп, иштериңиздер алдыга жылып турсун!
Курман айт майрамыңыздар куттуу болсун!