Көңүл буруңуздар! Телефондук шылуундардан сак болуңуздар!

Акыркы убакта өздөрүн ар кандай мамлекеттик органдардын, анын ичинде Жарандык авиация агенттигинин кызматкери катары тааныштырып, жарандардан жашыруун маалымат же акча алууга аракет кылган телефондук алдамчылыктын учурлары көбөйүүдө.

Жарандык авиация агенттиги расмий түрдө билдирет: биздин кызматкерлер эч качан телефон аркылуу жеке маалыматтарды, банк карталарынын реквизиттерин, ырастоо коддорун талап кылбайт жана эч кандай каржылык операцияларды жүргүзүүнү суранбайт. Бардык расмий кайрылуулар жана жарандар менен иш алып баруу белгиленген тартипте жана расмий каналдар аркылуу гана жүргүзүлөт.

Коопсуздугуңузду камсыз кылуу үчүн төмөнкү чараларды көрүүнү сунуштайбыз:

  • Өзүн мамлекеттик орган кызматкери катары тааныштырып чалган адамдарга карата этият болуңуз.

     
  • Чоочун адамдарга жеке маалыматыңызды, банк карталарынын реквизиттерин, сырсөздөрдү же ырастоо коддорун бербеңиз.

     
  • Эгерде чалуунун чыныгы экенине шек санасаңыз, сүйлөшүүнү токтотуп, расмий байланыш номерлери аркылуу тиешелүү мекемеге кайрылып, маалыматты тактаңыз.

     

Эгерде сиз мындай алдамчылык аракеттерине туш болсоңуз, тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына дароо билдирүүңүздү сунуштайбыз.

Жарандык авиация агенттиги жарандарды этият болууга жана алдамчылардын айла-амалдарына алданбоого чакырат.