2025-жылдын 25-мартынан 27-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде эл аралык ICAO жана EASA стандарттарына ылайык учуу коопсуздугун башкаруу системасын киргизүүгө арналган маанилүү окутуу болуп өттү. Окутуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен Европанын авиациялык персоналды окутуу боюнча JAA компаниясынын (JAA TO) ортосундагы окутуу кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө Макулдашуунун алкагында уюштурулду.
JAA Training Organisation – авиация жаатындагы эл аралык деңгээлде таанылган лидер жана ICAOнун Платина статусундагы алдыңкы окуу борбору. Бүгүнкү күндө JAA дүйнө жүзү боюнча 1600гө жакын уюмга, анын ичинде ECACтын (Европа жарандык авиация конференциясы) бардык 44 мүчө-мамлекетине жана ар бир континенттеги авиациялык органдарга окутуу кызматтарын көрсөткөн. Ошондой эле Turkish Airlines, Wizz Air, TAP Air Portugal, SunExpress сыяктуу ири европалык авиакомпаниялар JAA TOдо окутуу курсунан өтүшкөн.
Бул окутуу семинарынын негизги максаты – агенттиктин кызматкерлеринин учуу коопсуздугун башкаруу боюнча эл аралык стандарттарга ылайык квалификациясын жогорулатуу. Үч күндүк курс учурунда катышуучулар Эл аралык жарандык авиация уюму (ICAO) жана Европанын авиациялык коопсуздук агенттиги (EASA) сунуштаган процедуралар менен таанышышты.
«Бул тренинг өлкөбүздө авиация коопсуздугун жогорулатуу боюнча маанилүү кадам болуп саналат. Европалык өнөктөштөрүбүздөн алынган билим жана көндүмдөр Кыргызстандагы учуу коопсуздугун башкаруунун сапатын жакшыртууга жана эл аралык авиациялык практиканын жогорку стандарттарына жетишүүгө жардам берет деп ишенебиз», — деп белгиледи Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Кыргызстанда коопсуз жана натыйжалуу аба каттамдарын камсыздоо максатында учуу коопсуздугун башкаруу системасын өркүндөтүү жана адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча активдүү иш алып барууну улантат.