«МАМ» ААКтын эл аралык аэропортторунда Кыргыз Республикасынын №9 «Формалдуулукту жөнөкөйлөтүү» Авиациялык эрежелеринин талаптарын, ошондой эле ИКАО стандарттарын жана сунуш кылынган тажрыйбаларды ишке ашыруу максатында Германиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарабынан «Аэропорттордогу формалдуулукту жецилдетуу» аттуу курс уюштурулду. Курс Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Полициясынын улук комиссары Йенс Херманн тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жана «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын кызматкерлери үчүн өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине ИКАО талаптарын аткарууда, формалдуулуктарды жеңилдетүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртууга көмөктөшкөн мыкты уюштурулган курсу үчүн ыраазычылык каты менен ыраазычылык билдирди.