27-29-январь аралыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги EASA жана DG Move эксперттери менен онлайн жолугушуу өткөрдү.
Бул онлайн жолугушууда Евробиримдиктеги кесиптештер Мамлекеттик агенттиктин системасына алдын ала аудит жүргүзүп, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдагы толук масштабдуу аудитинин жыйынтыгы боюнча Түзөтүү иш-чараларынын планын ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты, жана ошондой эле учуу коопсуздугун камсыз кылуу жаатында өз сунуштарын беришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында европалык тарап Кыргыз Республикасынын даярдыгын жогору баалады. EASA жана DG Move эксперттеринин Бишкекке келиши март айына пландалууда.