Данияр Куватбекович Бостонов ИКАОнун аудитине кошкон салымы үчүн авиациялык коопсуздук департаментинин кызматкерлерине ыраазычылык каттарын жеке өзү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Куватбекович Бостонов ИКАОнун аудитине кошкон салымы үчүн авиациялык коопсуздук департаментинин кызматкерлерине ыраазычылык каттарын жеке өзү тапшырды.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын август айында Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) тарабынан Кыргыз Республикасындагы авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөштүрүү боюнча толук масштабдуу аудит жүргүзүлгөн. Аудиторлор авиациялык коопсуздук чөйрөсүндө олуттуу прогрессти жана авиациялык коопсуздук маселелери боюнча адистерди даярдоонун жогорку деңгээлин белгилешти.