«Чыр-чатактар болгон аймактарда же ага жакын жердеги тобокелдик факторлорун баалоо» темасында ИКАОнун семинары

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Алматы шаарында 2024-жылынын 4-ноябрынан 6-ноябрына чейин өткөн «Чыр-чатактар болгон аймактарда же ага жакын жердеги тобокелдик факторлорун баалоо» темасында ИКАОнун семинарына катышты.

Бул иш-чара Эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан Казакстандын авиация бийликтеринин колдоосу менен уюштурулган, анын максаты куралдуу кагылышуу зоналарында тобокелдиктерди баалоо жаатындагы орун алган көйгөйлөрдү талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана усулдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат жана ошондой эле кризистик кырдаалдарды болжолдоо жана аларга жооп берүү.