“Blue Jet Airways KG” авиакомпаниясын текшерүү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин инспекторлору Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын берүү максатында, тастыктамалоонун алкагында, “Blue Jet Airways KG” ЖЧКнын аба кемесин текшерүүнү аткарышты. 

Aвиакомпаниянын аба кемесинин демонстрациялык учуусун аткаруу жана ошондой эле перрондук текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын берүү эсептелет. Инспекторлор персоналдын авиациялык коопсуздук жана учуу эксплуатациясы боюнча жол-жоболорун аткаруусун, аба кемесинин учууга жарамдуулугун текшеришти жана Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарынын аткарылышын баалашты.