Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Жеңиш күнүнө арналган майрамдык иш-чараларга байланыштуу жарандарды 2026-жылдын 9-майында Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында, адамдар көп топтолгон жерлерде, ошондой эле «Өлбөс полк» акциясы өтүүчү аймактарда бардык түрдөгү учкучсуз учуучу аппараттарды (дрондорду) колдонбоого чакырат.
Бул чара иш-чаралардын катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле авиациялык жана коомдук коопсуздуктун талаптарын сактоого багытталган.
Бузуулар аныкталган учурда күнөөлүү адамдарга Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык административдик жоопкерчилик чаралары колдонулат.
Жарандардан убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууларын өтүнөбүз.