2025-жылдын 27–28-май күндөрү Бишкек шаарында «Авиациялык коопсуздук жаатындагы сапатты көзөмөлдөө» темасында эл аралык семинар өтүп жатат. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация агенттиги тарабынан эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулган.
Семинарга Европа, Борбордук Азия, Кавказ, Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрүнүн жарандык авиация органдары менен уюмдарынын эксперттери катышты. Иш-чаранын негизги максаты — авиациялык коопсуздукту камсыз кылууда сапатты көзөмөлдөө системасын бекемдөө жана өнүктүрүү, тармакта иштеген адистердин кесиптик билимин жогорулатуу, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) стандарттарын ишке ашыруу боюнча алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу болду.
Семинарда төмөнкү темалар талкууланууда:
- авиациялык коопсуздук жаатындагы эл аралык жана улуттук стандарттар;
- сапатты камсыз кылуу программаларынын натыйжалуулугун баалоо;
- ички аудиттин сапатты көзөмөлдөө системасындагы орду;
- тобокелдиктерди талдоо жана башкаруу;
- сапатты көзөмөлдөө боюнча иш-чараларды даярдоо жана өткөрүүдөгү заманбап технологиялар жана ыкмалар.
Семинар жарандык авиациянын ыйгарым укуктуу органдарынын, аэропорттордун, авиакомпаниялардын, аэронавигациялык тейлөөчү уюмдардын, жер үстүндөгү тейлөө кызматтарынын, күйүүчү май менен камсыздоочулардын, окуу борборлорунун жана башка уюмдардын өкүлдөрү үчүн өз ара тажрыйба алмашууга, кесиптештер менен кызматташтыкты чыңдоого жакшы мүмкүнчүлүк жаратууда.
Катышуучулар тармактагы алдыңкы адистерден актуалдуу маалымат алышып, темалык талкууларга катышып жана эл аралык деңгээлдеги кесиптик байланыштарды чыңдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда.