Бишкек шаарында авиациялык коопсуздук боюнча Координациялык топтун жыйыны башталды

2025-жылдын 29–30-май күндөрү Бишкек шаарында Авиациялык коопсуздук боюнча Координациялык топтун 3-жыйыны өтүп жатат. Аталган топко Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын, Грузиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын авиациялык органдарынын туруктуу өкүлдөрү кирет. Ошондой эле жыйынга Армениянын өкүлү байкоочу макамында катышууда.

Координациялык топ 2022-жылы түзүлгөн. Анын негизги максаты — Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) Авиациялык коопсуздук боюнча глобалдык планында белгиленген артыкчылыктарды жүзөгө ашыруу жана ICAO сунуштаган стандарттар менен практикаларды натыйжалуу колдонуу.

Жыйындын күн тартибине төмөнкү маселелер кирет:

  • катышуучу өлкөлөрдүн авиациялык органдарынын аракеттерин координациялоо;
     
  • учурдагы коркунучтар жана тобокелдиктер боюнча маалымат алмашуу;
     
  • авиациялык коопсуздукту башкаруу боюнча жалпы ыкмаларды иштеп чыгуу.

Координациялык топтун иши өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө, өз ара аракеттешүүнү бекемдөөгө жана мыйзамсыз кийлигишүүлөрдөн жарандык авиацияны коргоо системасын жакшыртууга багытталган.

Бул жыйын авиация тармагындагы стратегияларды талкуулоо жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп эсептелет.