Бахрейнге түз каттамдар — жакында! Кыргызстан Перс булуңуна жаңы терезе ачты! Жаңы багыттар — туризм, бизнес жана инвестициялар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр!

Бүгүн, 2025-жылдын 21-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Бахрейн Королдугуна болгон расмий сапарынын алкагында Бахрейндин Королу Хамад бин Иса Аль Халифа менен сүйлөшүүлөр болуп өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында эки мамлекеттин кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагы үчүн эң маанилүү болгон документ — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө макулдашуу болду.

Бул макулдашууга кол коюу Кыргызстандын жана Бахрейндин ортосунда түз аба каттамдарын орнотуу үчүн укуктук негиз түзөт. Бул өз кезегинде туризмди, ишкердик байланышты жана соода-сатыкты өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мындан тышкары, ал кыргыз авиакомпанияларынын каттам географиясын кеңейтүүгө жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга көмөктөшөт.