Кыргыз Республикасынын Президентинин “Авиакомпанияларды каттоого жана эксплуатанттын күбөлүгүн берүүгө тыюу салуу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин “Кыргыз Республикасында катталган авиакомпаниялардын ишине пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө” буйругунун негизинде Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери учурда Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аэропортторунда 1 (бир) айдан ашык турбаган аба кемелери (самолеттор/вертолеттор) менен учууларды аткарган авиакомпаниялардын өндүрүштүк ишмердигин пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.