Авиациялык метеорологиянын заманбап технологиялары Чэнду шаарында өткөн эл аралык семинарда талкууланды.

2025-жылдын 2-декабрынан 6-декабрына чейин Кытай Эл Республикасына караштуу Чэнду шаарында Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгына караштуу Аба кыймылын башкаруу бюросу (ATMB) жана Кытай Илимдер академиясынын Электротехника институту (IEE, CAS) тарабынан биргелешип уюштурулган «Азия аймагында авиацияны метеорологиялык камсыздоо» аттуу эл аралык семинар болуп өттү.

Семинардын жүрүшүндө кооптуу метеорологиялык кубулуштар пайда болгон учурда аракеттерди координациялоонун актуалдуу маселелери, аба ырайынын жагымсыз шарттарын болжолдоонун заманбап технологиялары, ошондой эле жарандык авиациянын кызыкчылыгында спутниктен, радиолокациядан жана чагылганды аныктоочу жабдуулардан алынган маалыматтарды практикалык колдонуу маселелери каралды. Авиациялык метеорологиялык божомолдордун тактыгын жогорулатуу үчүн жасалма интеллект технологияларын колдонууга, ошондой эле метеорологиялык кызматтар менен аба кыймылын уюштуруу кызматтарынын ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чарага негизинен Азия–Тынч океан аймагына (APAC) кирген он мамлекеттен метеорологиялык жана авиациялык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын атынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин Аэронавигация бөлүмүнүн башчысы, жогорку квалификациялуу адис Наталья Ким жана «Аэронавигация» МИнин Ош авиациялык метеорологиялык станциясынын (АМСГ) башчысы Нурайым Раушанбекова катышты.