Авиациялык коопсуздук тармагында тобокелдиктерди башкаруу боюнча семинар: сапатты жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун колдоосу менен өлкөнүн аэропортторунун, авиакомпанияларынын, авиацияны күйүүчү май менен камсыздоочу уюмдарынын, аэронавигациялык жана жер үстүндөгү тейлөө уюмдарынын жетекчилери жана адистери үчүн авиациялык коопсуздук тармагында тобокелдиктерди баалоо жана башкаруу боюнча семинар-практикум өткөрөт.

Иш-чаранын негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:

  • тобокелдиктерди башкаруунун негизги принциптери боюнча билим алуу;

  • коркунуч менен тобокелдиктин өз ара байланышын түшүнүү;

  • тобокелдиктин жана маалыматтын булактарын аныктоо жөндөмүнө ээ болуу;

  • тобокелдиктерди проактивдүү баалоо ыкмасын өздөштүрүү;

  • ыктымалдуу сценарийлерди идентификациялоо жана аныктоо жөндөмүнө ээ болуу;

  • критикалуулук менен алсыздыктын деңгээлин талдоо жөндөмүнө ээ болуу;

  • тобокелдиктерди ыктымалдуулук жана кесепеттердин негизинде талдоо жөндөмүнө ээ болуу;

  • тобокелдиктерди баалоо үчүн критерийлерди туура колдонуу боюнча билимге ээ болуу;

  • коркунучтардын тизмесин түзүү жана жаңыртуу боюнча көндүмдөрдү өздөштүрүү ж.б.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар авиациялык коопсуздук тармагында тобокелдиктерди баалоо жана башкаруу боюнча тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашышат. Бул семинар-практикум жарандык авиациянын ишине мыйзамсыз кийлигишүүлөрдү алдын алууга багытталган процесстердин жана процедуралардын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Бул семинарды өткөрүү Кыргызстандагы авиациялык коопсуздук системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Семинар учурунда алынган билимдер жана практикалык көндүмдөр адистерге тобокелдиктерди өз убагында аныктап, аларды азайтууга жардам берет жана жарандык авиациянын жогорку деңгээлде корголушун камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги ИКАОнун эл аралык стандарттарына ылайык улуттук авиация системасын чыңдоо боюнча иш-аракеттерин улантат.