“Аудиттик методдор жана мыкты тажрыйбалар” окуу курсу

18-ноябрдан 22-ноябрына чейин Казакстан Республикасынын Астана шаарында Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) сертификаты бар, Сингапур Авиация Академиясынан “Аудиттик методдор жана мыкты тажрыйбалар” окуу курсу өттү. Бул курс Евразиялык жарандык авиация конференциясында (EACAC) жетишилген макулдашууларга ылайык Excellence Center долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

 

EAСAC – аймактык авиациялык бийликтердин ортосундагы кызматташтыктын техникалык жумуш платформасын түзөт. Бул платформа учуу коопсуздугу, авиациялык коопсуздук, формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү, учкучсуз авиациалык тутумдарынын иштелмеси жана авиациялык кызматкерлерди даярдоо жааттарында алдыңкы билимдер жана тажрыйбалар менен алмашуу максатында түзүлгөн.

 

Курс учуунун коопсуздугун көзөмөлдөө менен алектенген адистерге арналган. Тренинг аяктагандан кийин катышуучулар аудитордук топтун лидеринин же мүчөсүнүн кызматын толугу менен аткарууга жөндөмдүү.