«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек-Худжанд багыты боюнча жаңы каттамдын ачылышын жарыялады. Бул каттамдын алкагында маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер, «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын жана «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын жетекчилиги катышкан техникалык каттам аткарылды, анда жаңы багыттын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Бул каттамдын негизги максаты – коомчулукту жаңы багыттын ачылышы тууралуу кабардар кылуу, ошондой эле тейлөө сапаты жана учуулардын коопсуздугу менен тааныштыруу болду. Катышуучулар каттамдын ыңгайлуулугун жана кызматын жогору баалап, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы туристтер жана ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан бул каттамдын келечегин талкуулашты.
Бишкек-Худжанд багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар 8-апрелден тартып жума сайын шейшемби күндөрү аткарылат. Билеттерди компаниянын расмий сайты жана asmanairlines.kg тиркемеси аркылуу сатып алууга болот.