2025-жылдын 11-февралынан 14-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде «Аэропорттун көзөмөлгө алынбаган зонасынын аялуу жактарын баалоо» аттуу тематикалык иш-чара өткөрүлдү.
«Аэропорттун көзөмөлгө алынбаган зонасынын аялуу жактарын баалоо» иш-чарасынын алкагында бир катар маанилүү максаттарга жетишүүгө мүмкүн болду:
- Катышуучулар аэропорттун көзөмөлгө алынбаган зонасынын коопсуздук системасындагы тобокелдиктерди жана боштуктарды деталдаштырып талдап чыгышты. Бул келечекте оперативдүү түрдө зарыл оңдоочу чараларды киргизүүгө шарт түзөт.
- Талдоонун жыйынтыгы боюнча коопсуздук чараларын күчөтүүгө багытталган сунуштардын базасы калыптанды, ошондой эле жарандык авиациянын эл аралык стандарттарын эске алуу менен жаңы коопсуздук чараларын ишке ашыруунун механизмдери аныкталды.
- Иш-чара авиация тармагындагы адистерди аялуу жактарды баалоо жана мүмкүн болуучу коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу боюнча заманбап ыкмаларга үйрөтүүчү аянтча болду.
- Иш-чаранын жыйынтыгы мамлекеттик органдарга жана жарандык авиация уюмдарына коопсуздуктун жогорку стандарттарына берилгендигин далилдөөгө, ушундайча жарандык авиацияга болгон ишенимди улуттук жана эл аралык деңгээлде чыңдоого мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетсек , бул иш-чара CASE II долбоорунун алкагында өткөрүлүп, Европа Биримдиги тарабынан каржыланып жана Борбор Азия жана Африка өлкөлөрү үчүн Европа Жарандык авиация конференциясы тарабынан уюштурулду.