Аба кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске жана Бюджеттик кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Ушул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү болуп саналат:

– жарандык авиация тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарды жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын башкаруу менен байланышкан функцияларды оптималдаштыруу;

– Кыргыз Республикасынын Аба кодексин колдонууну укуктук жөнгө салуу;

– жарандык авиация жаатындагы ыйгарым укуктуу органды аныктоо;

– жарандык авиация тармагын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик агенттиктин атайын эсебине жөнөтүлө турган жарандык авиация уюмдары үчүн төлөмдөрдү төлөө.