30-сентябрда “Asman Airlines” авиакомпаниясы Бишкек-Талас багытында алгачкы рейсин ишке ашырды.

Эске сала кетсек, Талас аэропорту 2013-жылдан бери жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн колдонулбай келген. 2023-жылы аэропорт толук реконструкциядан өтүп, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуу жана коопсуз учууларына даяр болгон.
 

Талас аэродромунун жарактуулугу тууралуу тастыктамалоо 2024-жылдын 1-июнунда берилген. Жердеги тейлөө уюмуна шайкештик тастыктамалоосу 2024-жылдын 30-августунда берилген.