2026-жылдын 17-февралынан 20-февралына чейин Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын авиациялык бийликтеринин жетекчилигинин жана аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн расмий жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чара эки өлкөнүн авиациялык мекемелеринин ортосундагы конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого, туруктуу жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле жарандык авиация чөйрөсүндөгү мындан аркы биргелешкен иштин артыкчылыктуу багыттарын макулдашууга багытталган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар өнөктөштүк жана өз ара урматтоо духунда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өткөрүп берүү жөнүндө келишимди өркүндөтүүнүн мүмкүн болгон аспектилерин талкуулашты. Учуулардын коопсуздугун камсыздоо жана аэронавигациялык тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелеринө өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекеттик агенттиктин жетекчилигинин катышуусу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы жоопкерчилиги өткөрүлүп берилген аба мейкиндигинин механизмдеринин иштешине жана мындан ары өнүгүшүнө байланыштуу стратегиялык маанилүү маселелерди деталдуу кароого мүмкүндүк берди. Эки тараптын кызыкчылыктарына жооп берген жана аймактык авиациялык коопсуздукту чыңдоого өбөлгө түзгөн тең салмактуу чечимдерди кабыл алуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жана жарандык авиация чөйрөсүндө ишенимди бекемдөөгө багытталган ачык жана конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин ырасташты.