Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгуу:
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ченемдик-укуктук базасын баалоо үчүн ЕБ тарабынан көрсөтүлгөн техникалык колдоо
- Евробиримдиктин баалоонун жыйынтыгына ылайык Түзөтүүчү иш-аракеттер планын иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке ашыруу
- DG-MOVEга Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органын ЕБ аба ташуучуларынын коопсуздук тизмесинен чыгаруу боюнча коопсуздукту баалоо миссиясын жүргүзүү үчүн расмий өтүнүч жөнөтүү
- Аудиттерди жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын АОК ээлерине Европа Биримдигинин аба ташуучуларынын коопсуздугунун тизмесинен чыгаруу үчүн аудитине даярдануу үчүн техникалык колдоо көрсөтүү.
- Евробиримдиктин аба ташуучуларынын коопсуздугунун тизмесинен чыгаруу үчүн ЕБ коопсуздукту баалоо миссиясын ийгиликтүү өтүү.
“Кыргызстан Аэропорттору” ААК:
- «Ысык-Көл» аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушун аяктоо
- «Каракол» эл аралык аэропортунун аэродромунун учуп-конуу тилкесин 1350 метрге узартуу» долбоорун долбоорлоо жана куруу
- «Жалал-Абад жаңы аэропортун куруу» долбоорун ишке ашыруу
- Долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгуу жана Ош эл аралык аэропортунда авиажүк борборун курууну баштоо
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун бүтүрүүчүлөрүн иш менен камсыз кылуу:
- И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтка караштуу персоналдын карьера жана ишке орноштуруу борбору жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү
Аба мейкиндигин пайдалануу процесстерин автоматташтыруу:
- Аба мейкиндигин пайдаланууну эсепке алууну автоматташтырууну камсыз кылган аппараттык-программалык системаны сатып алуу
Кыргыз Республикасында учуу коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу:
- «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунун метеорологиялык жабдууларын модернизациялоо
- Кыргыз Республикасында авиациялык коопсуздуктун глобалдык планын ишке ашыруу боюнча Жол картасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
- Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) талаптарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Учуулардын коопсуздугу боюнча мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жана бекитүү.
«Ош», «Манас» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунда аба кыймылын башкаруу тутумунун функционалдуулугун жана аба кемелеринин учууларын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу:
- JICA грантынын алкагында «Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу объекттерин жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруу
- Ош эл аралык аэропортунда жаңы диспетчердик мунараны куруу долбоору ишке ашырыла баштады. Жана ошондой эле, “Ош”, “Манас” жана “Ысык-Көл” эл аралык аэропортторунда аба кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системаларын модернизациялоо долбоору башталды.