2025-жылдын 11-ноябрынан 13-ноябрына чейин Ташкент шаарында эл аралык маанидеги бир катар иш-чаралар өттү, ага кыргыз делегациясынын өкүлдөрү катышты.

       Бул иш-чаралар катарына “Uzbekistan Airports, Aviation & Logistics Forum 2025” эл аралык авиация-логистика форуму, 21-Эл аралык “TransLogistica Uzbekistan 2025” көргөзмөсү, Азия өлкөлөрү үчүн Жогорку деңгээлдеги Диалог (ITF) жана Кыргыз Республикасынын Транспорттук Координациялык Кеңешинин жыйыны, Узбекистан Республикасынын Транспорт министрлиги тарабынан уюштурулган.
        Форумдун жүрүшүндө жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденциялары, инновациялык жана санариптик технологияларды киргизүү, учуу багыттарын кеңейтүү (эл аралык жана регионалдык түз каттамдарды кошуу), ошондой эле учуу коопсуздугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Катышуучулар тажрыйба алмашып, туристтик жана бизнес-трафикти өнүктүрүү перспективаларын караштырышты.
       Иш-чаранын программасына панелдик сессиялар, ишкердик жолугушуулар, көргөзмө аянтчаларына баралуулар жана тармак жетекчилеринин презентациялары кирди. Форумго мамлекеттик авиация органдарынын, аэропорттордун, логистика компанияларынын, авиакомпаниялардын, эл аралык финансылык институттардын жана туристтик операторлордун, ошондой эле ОЭС катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.
       Бул иш-чара эл аралык кызматташтыкты бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана авиация жана логистика тармагында инновацияларды өнүктүрүү үчүн маанилүү платформа болуп калды.