2024-жылдын 4-ноябрынан 15-ноябрына чейин Кытай Элдик Республикасында жарандык авиацияны башкаруу тармагында квалификацияны жогорулатуу үчүн “Кытай-Борбордук Азия 2024” стажировка программасынын алкагында (Пекин жана Шанхай), Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын адистери жана ошондой эле, Авиа Трафик, Аэро Номад жана Асман Эйр авиакомпаниялары окуудан өтүштү.
Бул программа Кытайдын улуттук, борбордук жана жергиликтүү деңгээлде жарандык авиацияны жөнгө салуу боюнча тажрыйбасын, анын ичинде аба кыймылын башкаруу системасын модернизациялоо стратегиясын, жарандык авиациянын учуу стандарттарын башкаруу, Кытайдын учууга жарамдуулугун башкаруу жана жарандык авиация тармагындагы башка тармактарды сунуштады.
Мындан тышкары, C919 учактарынын өндүрүш борборлору менен таанышуу сапарлары, коммерциялык учактардын кардарларды тейлөө, Шанхай аэропортунун жетекчилиги менен таанышуу, ошондой эле China Eastern Airlines авиакомпаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышуу болду.
Бул программага Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын жарандык авиациясынын өкүлдөрү да катышты.