1-июнь — эң жылуу жана жарык майрамдардын бири болгон Эл аралык балдарды коргоо күнү. Бул күн балдардын бакубат жашоосу, коопсуз чөйрөдө өсүшү жана сүйүү менен камкордукта чоңоюшу канчалык маанилүү экенин эскертип турат.
Балдар — бул биздин келечек. Алар кандай тарбия алып, кандай чөйрөдө өссө, келечек да ошого жараша калыптанат. Ар бир бала өзүн бааланган, корголгон жана кам көрүлгөн жаран катары сезиши зарыл.
Майрамыңыздар менен! Ар бир үйдө балдардын күлкүсы жаңырып, балалык — кубаныч менен үмүттүн доору болсун!