2025-жылдын 1-декабрынан баштап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация макмлекеттик агенттигинин (ЖАМА) базасында ИКАОнун атайын окуу курсу өттү.
«ICAO Government Safety Inspector – Operations: Air Operator Certification (GSI OPS EN)» курсу ЖАМАнын кызматкерлерине арналган. Программаны ИКАОнун тренинг тармагы ICAO TRAINAIR PLUSтын инструктору өткөрүп, уюштуруу жагынан Кувейт Мамлекетиндеги Авиация жана технология колледжи колдоо көрсөткөн, ал эл аралык ICAO TRAINAIR PLUS программасынын катышуучусу болуп саналат. Курс ЖАМАнын алдыңкы учуу коопсуздугу инспекторлору үчүн өткөрүлдү. Окуу учуу процесстерин жана авиациялык операторлорду тастыктамалоо жаатындагы эксперттик компетенцияларды тереңдетүүгө, ошондой элеучак операторлорунун мамлекеттик көзөмөлүн жүргүзүү боюнча практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүүгө багытталган. 2025-жылдын 18-декабрында окуу курсу ийгиликтүү аяктап, натыйжада Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин кызматкерлери тиешелүү ИКАО сертификаттарын алышты.