«Аэропорттун көзөмөлгө алынбаган зонасынын аялуу жактарын баалоо» аттуу тематикалык иш-чара өткөрүлдү

2025-жылдын 11-февралынан 14-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде «Аэропорттун көзөмөлгө алынбаган зонасынын аялуу жактарын баалоо» аттуу тематикалык иш-чара өткөрүлдү.

«Аэропорттун көзөмөлгө алынбаган зонасынын аялуу жактарын баалоо» иш-чарасынын алкагында бир катар маанилүү максаттарга жетишүүгө мүмкүн болду: 

  1. Катышуучулар аэропорттун көзөмөлгө алынбаган зонасынын коопсуздук системасындагы тобокелдиктерди жана боштуктарды деталдаштырып талдап чыгышты. Бул келечекте оперативдүү түрдө зарыл оңдоочу чараларды киргизүүгө шарт түзөт. 
  2. Талдоонун жыйынтыгы боюнча коопсуздук чараларын күчөтүүгө багытталган сунуштардын базасы калыптанды, ошондой эле жарандык авиациянын эл аралык стандарттарын эске алуу менен жаңы коопсуздук чараларын ишке ашыруунун механизмдери аныкталды. 
  3. Иш-чара авиация тармагындагы адистерди аялуу жактарды баалоо жана мүмкүн болуучу коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу боюнча заманбап ыкмаларга үйрөтүүчү аянтча болду. 
  4. Иш-чаранын жыйынтыгы мамлекеттик органдарга жана жарандык авиация уюмдарына коопсуздуктун жогорку стандарттарына берилгендигин далилдөөгө, ушундайча жарандык авиацияга болгон ишенимди улуттук жана эл аралык деңгээлде чыңдоого мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек , бул иш-чара CASE II долбоорунун алкагында өткөрүлүп, Европа Биримдиги тарабынан каржыланып жана Борбор Азия жана Африка өлкөлөрү үчүн Европа Жарандык авиация конференциясы тарабынан уюштурулду.